Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

"Азаттыктын" кабарчысы "мыкты иликтөөчү журналист" деп табылды


"Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошев сыйлык алууда.

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети бейөкмөт уюму 23-декабрда жыл мыктыларын тандады. Анын жыйынтыгында "Азаттык" радиосунун кабарчысы Кубанычбек Жолдошев "мыкты иликтөөчү журналист" деп табылды. Тарыхчы Элери Битикчи - мыкты патриот адам, Махинур Ниязова - мыкты журналист, депутат Чолпон Жакупова - мыкты адам, жарандык активисттер Рита Карасартова менен Өндүрүш Токтонасыров - мыкты жаран, укук коргоочу Азиза Абдирасулова - коомго эмгеги сиңген адам деген номинациялар боюнча мыкты деп аталды. Аларга диплом жана балбал таш эстеликтери белекке берилди.

Аталган комитеттин өкүлдөрү Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары, саясатчыларга, министрлерге жыл мыктыларын тапшыруу адатка айланганын, бул ирет мындай салт бузулуп, саясатчылар, жарандык коом, журналисттердин иштерин баалоого көңүл бөлүнгөнүн билдиришти. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG