Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Саясатчы Азимбек Бекназаров жол кырсыгына учурады


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу анын жакын санаалашы Самсалы Четинбаев “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтуусунда, кырсык Бишкек-Ош жолунда болгон. Бекназаров түшкөн унаа жолдо туура эмес токтоп машинени уруп алган. Учурда саясатчынын абалы канаттандырарлык.

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, акыркы он жыл аралыгында 65 миң ашуун адам жол кырсыгынан жараат алса, он миңден ашык адам набыт болгон. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоор сунушталууда.

XS
SM
MD
LG