Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орусиялык Ту 154 учагы деңизге конууга аракеттенгени айтылууда


Куткаруучулар.
Куткаруучулар.

Орусиялык ТАСС агенттиги өз булактарына таянуу менен Кара деңизде кыйраган Ту-154 үлгүсүндөгү учактын экипажы сууга конууга аракеттенгенин жазып чыкты. Маалыматка караганда, учактын куйругунун талкаланганы учкучтардын мындай аракетинен кабар берүүдө. Азыркы кезде суучулдар учактын канатынан куйругуна чейинки бөлүгүн табышты.

Буга чейин ТАСС кырсыкта каза тапкандардын сөөгүн ташыган биринчи аба каттамы Москвага келгенин кабарлаган. Сөөктөрдүн бири таанылды, бирок ким экени айтылган жок.

"Интерфакс" билдиргендей, учак кыйраган жерде 80 жүргүнчүнүн денеси табылды. Ошондой эле экипаж командири Роман Волковдун сөөгү табылганы кабарланды. Бирок бул маалыматтар расмий ырастала элек.

Орусиядан Сирияга бараткан Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы 25-декабрда кыйраган. Анын бортундагы 92 адамдын баары набыт болду. Федералдык коопсуздук кызматы терракт версиясын четке кагууда. Мекеме кырсыкка сапатсыз күйүүчү майдан улам учак кыймылдаткычтарынын иштен чыгышы, техникалык мүчүлүштүк жана учкучтардын катасы себеп деген божомол айтууда. "Кара жащик" табыла элек.

XS
SM
MD
LG