Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

"Ата Мекен" Белизден келген документтерди көрсөттү


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Белизден келди деп көрсөткөн документтердин сүрөтү.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Белизден келди деп көрсөткөн документтердин сүрөтү.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Белизгейт” боюнча атайын кызматтын колундагы документтер жасалма экени аныкталды деп билдирди.

Ал Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен муну ырастаган документтер келгенин, бул боюнча атайын юридикалык компания жалдаганын, иликтөө уланып жатканын маалымдады.

УКМК болсо "Текебаев ачууга алдырып жатат" деген мааниде "Азаттыкка" комментарий берди.

Өткөн айда башкы чекист Абдил Сегизбаев Белизден алынды делген документтерди президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн. Анда парламенттеги “атамекенчи” үч депутат “Мегакомдун” 50 пайыз акциясын сатууга кызыкдар болгон деген мазмундагы маалымат болгон.

Өмүрбек Текебаев 27-декабрда өткөн маалымат жыйында Белизден расмий алынды делген төрт документти көрсөттү. ​“Белизгейт” боюнча дагы бир топ документ келерин, атайын жалданган юридикалык компания иштеп жатканын айтты:

Абдил Сегизбаев жана Өмурбек Текебаев
Абдил Сегизбаев жана Өмурбек Текебаев

- Апостил деген Алмазбек Атамбаевге көрсөтүлгөндөй кызыл-тазыл, көркөмдөлгөн, куттуктоо баракчасы өңдүү кооз кагазга коюлбайт экен. Биз муну кайта-кайта тактап сурадык, бизге дагы Атамбаевдикиндей кооз кагазга басып бергиле десек, жок ушундай кагазга гана басылат дешти. Бул кагаздар расмий келди. Калган далилдер дагы акырындап келет. Анткени президент алган документте колу турган нотариус менен юрист качып жүрөт. Эгер алар өз ыктыяры менен көрсөтмө бербесе, биз алардан сот аркылуу көрсөтмө алабыз.

“Азаттык” бир айдан ашуун убакыт мурда "Белизгейт" боюнча иликтөө жүргүзүп, Wrobel&Co компаниясынын жетекчисинин юридикалык жардамчысы Вианни Солис менен байланышкан.

Вианни Солис: Президентке документ жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00
Түз линк

Жабылган фирманын "тирилиши"

Текебаев "Белизден жаңы алынган документтер буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарыялаган документтердин жасалма экенин бышыктады" деп билдирди. Анын айтымында, бул чуулуу ишти Кыргызстандын атайын кызматы менен Белизде көз боёмочулук боюнча айыпталып жабылып калган фирманын кызматкерлери атайын уюштурган:

Белизден алынган жооп

Белизден алынган жооп

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

- Президент кармаган кагазда “Авалон” деген компаниянын аты көрүнүп турат. Бул компания 2014-жылы 1-январдан тарта жоюлуп, юридикалык компаниялардын тизмесинен чыгарылган экен. Жергиликтүү бийликтер 2012-жылдан баштап ага эскертүү берип, булар шылуундар, акцияларды мыйзамсыз сатышат деп кардарларды маал-маалы менен эскертип келишкен. Бул компания 2014-жылдан бери толугу менен жоюлган. Реестрден чыгат деген адам өлгөндө берилген акты сыяктуу эле. Белиздин мыйзамдарын жакшы билген юридикалык компания бизге бул тизмеден чыккандан кийин таптакыр иш кылганга укугу жок болот деген түшүндүрмө беришти. Алдамчылыкка шектелген компания 2016-жылы 21-октябрда “тирилип” трасттык келишимдин көчүрмөсүн АКШдагы бир фирмага жөнөтөт имиш. Бирок ошол документтер АКШга жетпей, оперативдүү жол менен Сегизбаевдин столуна келип түшөт экен. “Авалон” деген фирма жок, ал көз боёмочу фирма болгон. Анын өз атынан бул жакка документ жөнөткөнгө эч кандай укугу жок.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери атайын кызматка алардан документтеринин көчүрмөсүн сурап кат жөнөткөнүн, бирок атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев ыкчам-иликтөө иштерине байланыштуу деп берүүдөн баш тартканын да эске салды. Текебаев Сегизбаевдин аракетине укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага да кайрылган эле.

Текебаев: Белизден расмий документтер келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

"Текебаев жаалданууда"

УКМК Текебаевдин соңку дооматына жооп кайтарды. Бул мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, “Альфа Телекомдун” айланасында жүрүп жаткан текшерүү Текебаевге оор тийиши мүмкүндүгүн кыйытты:

- "Ата Мекендин” жетекчилигинде жаалданган көрүнүштөр орун алганын байкап турабыз. Учурда “Мегаком” боюнча 2010-2012-жылдарга бардык коррупциялык көрүнүштөрдү текшерүү жүрүп жатат. Ушул иштер жана алдыда ачыкка чыкчу маалыматтар “Ата Мекендин” лидеринин реакциясын жаратып жатат окшойт

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков атайын кызматтын колундагы документтерди жасалма деп айтууга негиз жок дейт:

- Документтерди жасалма деп айтып актанып жатышат да. Менде шек жок. Себеби документтер Белиздин Жогорку Сотунун мөөрү менен келип жатпайбы. Ал бүт дүйнөдө кабыл алына турган, таанылган документтер. Жогорку Соттон келген документтердин жасалма болушунан чоң күмөн бар. Атайын кызмат өзү жасады дегенден алысмын. Эми эч ким күнөөсүн моюнуна албайт да, мага жаза бергиле деп эч ким айтпайт да.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Коомчулукка “Белизгейт” деген ат менен таанылган бул окуя өткөн айда башталган. Атайын кызматтын жетекчиси Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн. Анда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, депутаттар Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун паспортундагы маалыматтар көрсөтүлгөн. Анда “Мегаком” компаниясынын 51 пайыз акциясын сатууга кызыкдар болгон деген маалымат жазылган.

Абдил Сегизбаев бул боюнча парламентте маалымат берип жатып Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев менен кайым айтыша кеткен. Акаев атайлап каралоонун кесепети оор болорун эскерткен. Башкы чекист Абдил Сегизбаев менен баш прокурор Индира Жолдубаева Белизден келди деген документтерди иликтеп чыгууга убакыт сураган:

- Урматтуу депутаттар, урматтуу эл өкүлдөрү биз сиздерден иликтеп чыкканга мүмкүнчүлүк бергиле деп суранып жатабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгын силерге алып келип көрсөтөлү, ошол жерден чечим кабыл алалы. Юридикалык-саясий баа берели. Азыр эми бири-бирибизди күнөөлөгөндөн алыс бололу.

УКМК менен Башкы прокуратура бул документтерди иликтөөгө канча убакыт талап кылынарын маалымдай элек.​

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Мамасалиевдин баамында, бейтараптуулук үчүн “Белизгейттин” айланасындагы жагдайды депутаттык комиссия иликтеши керек:

- Азыр эки тарап өз маалыматын берип жатат. Мен кимисиники туура экенин айта албайм. Депутаттык комиссия иликтеп-териштирип чыгып өз корутундусун чыгарса, мага ошол ынанымдуу болмок.

Президент Алмазбек Атамбаев эгер Белиз өлкөсүнөн келди деген документтер жасалма болуп чыкса атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаевге чара көрүлөрүн эскерткен. Бул “Белизгейтти” иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия дагы түзүлгөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG