Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Орусия жана Түркия Сирияда ок атууну токтотуу планын макулдашты


Мевлүт Чавушоглу
Мевлүт Чавушоглу

Бул тууралуу 28-декабрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, жаңжалды саясий жол менен чечүү документи да такталып, жарыяланууга даяр турат. Террордук деп таанылган уюмдарга бул план тарабайт.

Мамлекеттик Анадолу маалымат агенттигинин кабарлоосу боюнча, планда Алепподогу ок атууну токтотуу келишимин өлкөнүн башка жерлерине да жайылтуу каралган. Бул шаардан тынч жарандарды чыгаруу жана ок атышууну токтотууга Орусия жана Түркия ортомчулук кылган. Орусия жана Сирия тараптан бул маалыматка комментарий боло элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Сирия боюнча тынчтык планын орус расмийлери Астанада талкуулоону көздөп жатканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG