Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Түркия, Орусия Сирияда ок атышууну Жаңы жылга чейин токтоткусу келет


Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Москвада. 20-декабрь, 2016-жыл.
Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Москвада. 20-декабрь, 2016-жыл.

Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы бүгүн жергиликтүү “Haber” телеканалындагы маегинде билдиргендей, аталган эки өлкө ок атышуу Сириянын бүткүл аймагында Жаңы жылга чейин токтошуна үмүттөнүп, мунун кепили болууну максат кылууда.

Бул ишке Ирандын дагы аралашуусу боюнча азырынча ортолук чечим чыга элек.

Түркия тышкы иштер министри Анкара Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшпөй турганын, чет элдик согушкерлердин баары, анын ичинде Ливандагы “Хезболла” тобунун аскерлери Сириядан кетүүсү керектигин кошумчалады.

Сирияда Иран колдогон “Хезболланын” аскерлери президент Асаддын күчтөрү менен бирге Түркия колдогон козголоңчуларга каршы күрөшүүдө.

Анкара Москва экөө буга чейин ок атышуу Алеппо шаарынын айланасында токтошуна ортомчулук кылып, шаардын чыгыш бөлүгүнөн жайкын тургундар менен козголоңчулардын көчүрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүшкөн.

Түркия менен Орусия Сириянын алты жылга жакындап калган жарандык согушунда бири оппозиция, экинчиси президент Асад тарапта болуп келди. Анткен менен акыркы айларда алар Сирия маселесинде тыгыз кызматташууга өтүштү. (UE)

XS
SM
MD
LG