Ооган бийлиги өткөн айда аэропортто иштеген беш аялды жана алардын айдоочусун өлтүрдү деп шектелген төрт адам кармалганын билдирди.
Коопсуздук күчтөрү үч шектүүнү Кандагардагы маалымат жыйынына алып келип, алар күнөөлөрүн мойнуна алганын кабарлады. Төртүнчү шектүү киши коопсуздук кызматкерлери менен кармашта жаракат алып, ооруканада дарыланып жатат.
17-декабрда аэропорттун аял кызматкерлерин белгисиз адамдар атып кетишкен. Ага чейин маркум аялдар аэропортто иштегени үчүн коркутууларга кабылганын айтышкан эле.
Талиптер бул чабуулга тиешеси жоктугун билдиргени менен шектүүлөр талип командиринин буйругу менен бул ишке барганын айтышты.