Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:08

Улуттук онкология жана улуттук гематология борборлору бириктирилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мындай чечим бул тармакты башкарууга бөлүнгөн каражаттарды сарамжал пайдалануу жана үнөмдөлгөн каражатты бейтаптарды дарылоого жумшоо максатын көздөйт.

Гематология борборунун каржылык ишмердигине анализ жүргүзүүдө бюджеттен бөлүнгөн каражаттын 54 пайыздан ашыгы административдик башкаруу чыгымдары жана дарыгерлердин айлыгына жумшалган. Буга кошумча, борбордогу медициналык жабдыктар талапка жооп бербейт.

Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин Онкология борборунун дарыгерлери өкмөттүн мындай чечимине каршылыгын билдирип келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG