Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Түрк бийлиги Измирде ири теракттын алдын алышканын билдирди


Измир
Измир

Түрк бийликтери Измирде терактты болтурбай калганын жарыялашты. Бейшембиде бул шаарда орун алган жардыруудан соң күч түзүмдөрү көп сандаган автомат, жардыруучу зат жана гранаметторду тапкан.

Премьер-министр Биналы Йылдырым коопсуздук күчтөрү көргөн чаралардын аркасында “чоң кырсыктын” алдын алганын билдирди.

Вице-президент Вейси Кайнак болсо бул кол салуулар Түркиянын Сирия жана Ирактагы аскердик операцияларына тоскоол болбой турганын эскертти.

Бейшемби күнү куралчан адамдар сот имаратынын жанында полиция менен атышып, бомба коюлган автоунааны жардырып жиберген. Андан полициядан башка бир сот кызматкери мерт болуп, бир канча адам жараат алган. Кол салган эки согушкер жок кылынган.

Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Жаңы жыл түнү Стамбул шаарында 39 адамдын өмүрүн алган чабуулга шектелген адамды издөө иши уланууда.

XS
SM
MD
LG