Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Соцтармактарды коопсуздук кызматы көзөмөлгө алууда


УКМК Фейсбукта президент Атамбаевди каралаган маалыматтарды жарыялап турган адамдарды аныктаган. Алардын айрымдарынын аттары аталып, алар Беларус, Түркия, АКШ, Түштүк Корея жана Казакстанда жайгашкан IP даректер аркылуу киргени аныкталган. Бул тууралуу коопсуздук кызматынын төрага орун басары Болот Сүйүмбаевдин ЖК депутаты Ирина Карамушкинага берген жообунда айтылат.

Мындай кабарды “Республика” басылмасы сүрөтү менен чыгарды. Катта ошондой эле УКМК Фейсбукка президент Атамбаевди жаманатты кылган пикирлерди жарыялап турган дагы 35 кишинин тек-жайын иликтеп жатканын, алар кошумча кабарланары да айтылган.

УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн жылдын аягында жетиөгүздүк Фейсбук колдонуучу соцжеледе жарыялаган пикири үчүн УКМК кызматкерлерине бир нече ирет сурак берген.

Буга чейин Башкы прокуратура да социалдык тармактарда президент Атамбаевди сындаган адамдарды иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылган. Азырынча, социалдык тармактарда мамлекет башчыга сын айткан жарандар кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу маалымат жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG