Сапар Исаков Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгону расмий кабарланды.
Мурда Исаков аппарат башчынын орунбасары рангында Тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
Буга чейин Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары кызматын аркалап келген Аалы Карашев 30-январда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат болуп барган. (SE)