Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Прокуратура президенттин сөзүн териштирди


Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктар жана нарындыктар тууралуу айтылган сөздөрү бурмаланып, монтаждалганын иликтеп чыкты.

Атайын экспертизанын жыйынтыгынан соң президенттин монтаждалган видеосун колдонгон маалымат каражаттарына жана интернет сайттарга тийиштүү чаралар көрүлмөкчү. Мындан тышкары айрым адамдарга да “аймак аралык бөлүнүүнү козутканы” үчүн кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн экени айтылды.

Бурмаланган видео

"Алмазбек Атамбаев “таластыктар эл болбойт” жана “нарындыктар малсыңар” деп айтты делген видео интернетте аябай көп көрүлүп, президентти сындоого негиз болуп келген.

Мындан улам Башкы прокуратура андагы президенттин сөздөрүнө экспертиза жүргүзүп, жыйынтыгында Атамбаевдин айткандары кескиленип, монтаждалганы аныкталганын билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин бул сөзү 2013-жылы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун ачылышында айтылып, түп нускасы төмөндөгүчө болгон:

- Жыйырма жылдан бери балээ баскан Кыргызстан бир жарым жылда оңолот беле? Мына нарындыктар малчысыңар. Мына кой сарайды жыйырма жыл тазалабаса, анан кыкты бир күндө тазаласа болобу? Билесиңер (кык) таш болуп калат. Мына Кыргызстан таштан жаман болуп калбадыбы.

Мына ушу “нарындыктар малчысыңар” деген сөзү, монтаждалган видеодо “нарындыктар малсыңар” деп бурмаланган.

Мындан тышкары Атамбаев ошол эле билдирүүсүндө “Манас” эпосунан үзүндү окуп, Манастын Каныкейге айткан:

- Менин көзүм өткөндө

Бу, Талас сага жер болбойт...

Менин көзүм өткөн соң

Кең Талас сага эл болбойт... – деген саптарын мисал катары келтирген.

Ал эми прокуратура видеодо “Бу Талас сага жер болбойт...” деген жери “Таластыктар эл болбойт” деп бурмаланганын билдирүүдө.

Тез тараган бурмаланган видео

Үч жарым жыл аралыгында видеонун монтаждалган версиясына ишенгендер, аны соцтармактарда бөлүшкөндөр көп эле болгон. Ал түгүл куудулдар сахнага чейин бул саптарды айтып, шакаба чеккен учурлар катталган.

Ал эми активист Темирлан Ормуков “Ажонун ооруп жүрөгү” деген ыр чыгарып, анда:​ ​

Таластын элин эл дебей,

Таарынткан калкка теңдебей.

Нарындык койлор калабы,

Сен өлсөң эми жем жебей, - деген саптар менен президенттин монтаждалган видеосуна жооп кайтарган.

Темирлан Ормуковдун өзүнүн айтуусунда, эми прокуратура экспертизанын жыйынтыгына таянып, ага “аймак аралык бөлүнүүнү козутканы" үчүн кылмыш ишин козгошу мүмкүн:

Темирлан Ормуков
Темирлан Ормуков

- Буга чейин прокуратура менин ырымда бөлүп-жаруунун белгилери бар деп чечим чыгарган. Бирок, мен прокуратурага Атамбаевдин таластыктар, нарындыктар боюнча айтканын негизинде жооп бергенимди билдиргем. Ушундан улам президенттин билдирүүсүн монтаж деген экспертизанын чечими чыкты. Эми ошол эле экспертизанын жыйынтыгы менен менин оозумду бууганы жатышат.

КСДПчы депутат Дастан Бекешов Ормуков президенттин беделине атайылап шек келтиргенин айтат:

- Социалдык түйүн бизге ыйык жер эмес. Ал жакта каалаган адамды жамандап, абийирине шек келтиргенге болбойт. Темирлан Ормуков президенттин видеосу монтаждалганын билип туруп эле аймактык бөлүнүүнү козутту. Демек ал ар бир айткан сөзүнө жооп бериши керек.

Видеону монтаждап, интернетке жүктөгөн адам табылган эмес.

Youtube каналына видеону Ron Stoparic аттуу колдонуучу 2013-жылы жарыялаган.

Саясый илимдердин доктору Жолборс Жоробеков экспертизанын жыйынтыгы жарандардын пикирин оңой менен өзгөртө албасын айтууда:

- Элдин арасында Атамбаев тигил жактан туура эмес сүйлөдү, бул жактан туура эмес кылып койду деген сөздөр көп. Эгер прокуратура ушундай билдирүүнүн ар бирин иликтей бере турган болсо, анда, тескерисинче, элдин кызыгуусун эле жаратып койот. Андыктан прокуратура мындай видеолорго көңүл бурбай эле койсо болмок.

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

Прокуратура буга чейин аталган видеонун монтаждалган версиясын жайгаштырганы үчүн бир катар жергиликтүү сайттарга оозеки эскертүү берген. Бирок бурмаланган видео кайрадан интернетке жүктөлүп жаткандыктан, тийиштүү чара көрүү үчүн прокуратура экспертизанын жыйынтыгын УКМКга өткөрүп берди.

Жыл этегинде Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырган. Анда Жамгырчиевге соцтармакка президентти мыскылдаган сүрөттөрдү жайгаштырып жатканы үчүн эскертүү берилген.

10-январда болсо УКМКнын төрага орун басары Болот Сүйүнбаевдин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага жөнөткөн каты жарыяланып кеткен. Анда атайын кызмат Фейсбукта президентке акарат келтирди деген жалпысынан 45 адам аныкталганы айтып, алардын онунун аты-жөнү ачык көрсөтүлгөн. Жарандык активисттер атайын кызматтын мындай аракеттерин сөз эркиндигин чектөө катары баалап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG