Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Стамбулдагы туристтик көргөзмөдө Кыргызстан эң оригиналдуу деп аталды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарткан сүрөт
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарткан сүрөт

Стамбулда өткөн Eastern Mediterranean Travel and Tourism (EMITT) эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын стенди башкачалардан эң өзгөчө деп таанылды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматына караганда, көргөзмөгө жети кыргызстандык туроператор катышты. Алардын продукциясы менен 14 миңден ашуун адам таанышты.

Боз үй тигилип, улуттук музыка ойноп турду жана коноктор кыргыздын тамак-ашынан даам татып кетип жатышты.

EMITT көргөзмөсүнө катышуу АКШнын USAID агенттигинин долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Иш-чарага 80 өлкөдөн конок келип катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG