Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Түркия: Конституция боюнча референдум 16-апрелде өтөт


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 16-апрелге белгиленди. Бул тууралуу 11-февралда өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы жарыялады. Анын алдында президент Режеп Тайип Эрдоган парламент жактырган конституциялык өзгөртүүлөрдү бекиткен. Референдум колдоо тапса, Түркия парламенттик өлкөдөн президенттик өлкөгө айланат.

Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, ал министрлерди жана башка мамлекеттик чиновниктерди дайындап, парламентти тарката алат. Шайлоо күнүн белгилеп, өзгөчө кырдаал жарыялоо укугуна ээ болот. Ошондой эле акыркы 35 жылдан бери пайдаланылбай жүргөн "мамлекет башчы" деген түшүнүк кайтып келет.

Эрдоган конституциялык реформа "тынч эмес маалда" туруктуулукту камсыздай турганын билдирген. Анын оппоненттери болсо авторитардык режим түзүлүп калышы ыктымал деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG