Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:44

Кылмыш иши коррупцияга байланыштуу козголгонун Башкы прокуратура маалымдады. Ага ылайык, Музаффар Исаков Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган. Бул токтомдор аркылуу айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер жеке менчик турак-жай тургузууга берилген.

Текшерүү учурунда айрым жарандар жерлерди 1500-3000 доллардан сатып алганын айтып беришкен.

Бул иш боюнча тергөө жүргүзүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлдү.

Музаффар Исаков Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп 2015-жылы июнь айында, мурунку депутат Ашэра Халикованын ордуна келген.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG