Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Токтонасыровду милиция кармап кетти


Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлгөн акча.
Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлгөн акча.

200 сомдук банкноттогу Алыкул Осмоновдун сүрөтүнүн сапатына нааразылык билдирип чыккан укук коргоочуну милиция Акүйдүн алдынан алып кетти. Бул тууралуу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди. Аны милиция тек-жайын аныктаган документи жок деп кармаган:

-Мен 200 сомдук банкноттогу Алыкул Осмоновдун сүрөтүнүн сапатына нааразылык билдирип, Ак үйдүн алдына пикетке чыккан элек. Жаңы эле талаптарым жазылган кагаздарды кармап, турганымда милиция келип, паспортумду сурады. “Паспортумду жаныма алып жүрбөйм” десем, машинага салып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишти. Эми азыр суракка алабыз деп жатышат. Мен адвокат болмоюнча, эч кандай сурак бербейм дедим.

Укук коргоочунун кармалышы боюнча Бишкек милициясы эч кандай маалымат бере элек.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 200 сомдук банкнотко түшүрүлгөн сүрөттө акындын бир көзү чалыр болуп калганын белгилеп, мындай сүрөт менен банкноттор жүгүртүлүүгө чыгарылбашы керек деп талап кылып келет. Ал ушундай эле талабы менен бир ай мурда Улуттук банктын алдына да пикетке чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG