Жалал-Абад шаардык кеңеште түзүлгөн акыркы жагдайды эске алуу менен “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Журт” фракциялары шаар кеңешин таратуу демилгеси менен чыкты. Алар мындай жол менен жаралган абалды жөнгө салууну сунушташууда.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрам Адылбековдун айтышынча, шаардык парламентти таратуу боюнча эки фракция тең чечим кабыл алышты.
Ал эми Социал-демократтар фракциясынын лидери Абдилбает Маасыдыков фракция бул маселени карай электигин билдирди.
Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги чыр бир айдан бери уланып келатат. Буга чейин шаардык кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары коалиция түзүп, төраганы шайлоого аракет кылган. Ал учурда Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциясы сессияга баруудан баш тартышкан. Кийинчерээк “Республика -Ата Журт” фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, азчылыкта калган Социал-демократтар жана “Кыргызстан” фракциялары менен бир альянска бириккен эле. (RsK)