Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Ирак күчтөрү маанилүү көпүрөнү көзөмөлүнө алышты


АКШ колдогон Ирак аскерлери шаардын чыгышы менен батышын туташтырган Тигр дарыясындагы жалгыз көпүрөнү көзөмөлүнө алышты. Бул өкмөт көзөмөлдөгөн чыгыштан батыш тарабына жүк ташууга жол берет. Тигр дарыясындагы беш көпүрөнүн бузулбай калган бирин көңүлгө алган Ирак ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн полковниги Фалах ал-Вабдан “көпүрө боюнча бизде бүгүн өзгөчө маанилүү операциябыз бар” деп билдирген. Анын айтымында, бузулбаган жалгыз көпүрө абдан миналанган, 26-февралда ал жерде 44 жоочу жок кылынган. Аскерлер жоочулар көзөмөлдөгөн шаардын батыш тарабы менен байланыш түзүү өтө маанилүү экенин белгилешүүдө.

Ирак күчтөрү Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу боюнча операциянын экинчи бөлүгүн 19-февралда баштаган. Ага АКШ баштаган колаиция абадан колдоо көрсөтүүдө. Америка аскерлери шаардын батыш тарабында 750 миңдей тургун бар экенин, ал эми жоочулардын саны 2 миңдин тегереги экенин кабарлаган.

Ассошейтед пресстин 26-февралдагы маалыматы боюнча, акыркы үч күндөгү кармашта коопсуздук күчтөрүнүн 30 жоокери жана 200дөй тынч тургун өлдү же жараланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG