Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Кыргызстанда балдар өлүмү 13 пайызга кыскарды 


ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына караганда, өлкөдөгү 34 төрөт үйү жана бейтапканалардагы балдар бөлүмдөрүнө жүргүзүлгөн мониторинг бул багытта абалдын жакшырып калганын көрсөттү. Беш жашка чейинки балдар өлүмү бир жылда орто эсеп менен 13 пайызга төмөндөгөн. Мониторинг учурунда акушер-гинеколог, педиатр-реаниматолог жана башка адистерден турган топ балдар бөлүмдөрүнүн абалы, дары-дармек менен жабдуу оңолгонун, алгачкы реанимациялык иштерде жана чукул кырдаалдарда жардам көрсөтүү жакшырганын байкашкан.

Ошол эле маалда айрым ооруканаларда эне-бала арасындагы өлүмдөрүн көрсөткүчү өскөнү, ымыркайга кам көрүү үчүн жабдуулар, неонатолог дарыгерлер жетишсиз экени, айрым оор абалдагы ымыркайларга жана энелерге туура эмес диагностика жасалып, дарыланганы аныкталган.

Аталган уюмдун билдиришинче, акыркы он беш жыл ичинде Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын өлүмүнүн саны бир кыйла азайды. 1990-жылы 1000 ымыркайдын 65и чарчап калса, 2015-жылы бул сан 21ге түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG