Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтөт


Бишкекте 3-мартка белгиленген иш-чара 8-март – аялдардын эл аралык күнүнө арналган. Ага жогорку окуу жайлардын студенттери, парламент жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бийлик, жарандык коом, ишкер чөйрө, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Анда аялдар укугун жана гендердик теңчиликти биргелешип жакшыртуу маселеси талкууланат. Иш-чара үч бөлүктөн турат. Биринчиси, “Дүйнөнү өзгөрткөн айымдар” деп аталып, тарыхта аты калган аялдардын таржымалы баяндалат, эрте нике жана 8-марттын тарыхына байланышкан суроолор боюнча студенттерге викторина уюштурулат.

Аялдарга, секелектерге зомбулукту жоюу, эрте никеге каршы жаштар уюмдарынын тажрыйбасын арттырууга багытталган көргөзмө өтөт. Иш-чара Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында тынчтык митинги жана гүл коюу менен аяктайт. Форумду өткөрүү демилгеси Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жана “Аялдарга карата зомбулукка жалпы каршы туруу” кыймылына таандык. Ага БУУ, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Бай-Түшүм» банкы колдоо көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG