Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

"Ак илбирс" кино сыйлыгына талапкерлерди каттоо аяктады


"Ак илбирс" кино сыйлыгы/
"Ак илбирс" кино сыйлыгы/

«Ак илбирс-2017" улуттук кино сыйлыгына ат салышууга быйыл 31 фильмден арыз түштү. Арасында 14 толук, 10 кыска метраждуу жана 7 даректүү тасмалар бар. Каттоо иштери 6-мартта токтотулганын уюштуруу комитети кабарлады.

Фильмдер түрдүү багыттарда, жабык добуш берүү менен тандалат. Соңунда сыйлык алууга ылайык деп табылган кинолор сынакка коюлат. Аягында 16 багыттагы жеңүүчүлөр 14-апрелде сыйланышат.

Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган.

Демилгечилер - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти. (SE)

XS
SM
MD
LG