Кытайдан Бишкек-Торугарт унаа жолу аркылуу жүк ташыган айдоочулар 10-мартта Нарын шаарынын четине жайгашкан бажы бекетине чогулуп, нааразылык акция өткөрүштү. Жүздөн ашык киши Кытайдан Бишкек-Торугарт унаа жолу аркылуу оор жүр ташыган автоунаалардын айдоочулары. Алар Кытай тарап үстү темир эмес, тент менен жабылган унааларын жаратпай жатканына нааразылык билдиришти:
-Биздин эл аралык стандартка жооп берген автоунааларыбызды Кытайдын бажысы жаратпай атат. Анткени биздин унаалардын үстү тент менен жабылган. Кытайлар болсо аны контейнер кылгыла, болбосо жүк жүктөбөйбүз, макул болбосоңор очойгон айып пул салабыз, деп жатышат. Биздин өкмөт болсо айдоочулардын акыбалы менен иши жок, - деди нааразылык акцияга келген Оморбек Кулунчаков.
Нааразылык акциясына чыккан айдоочулар менен өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов келип жолугушту.
Кытай тарап Кыргызстандан барган жүк ташуучу унааларын жаратпай, айдоочулардын өздөрүн кар күрөтүп иштетип жатканына нааразылыгын өткөн жумада Ош-Эркештам унаа жолу аркылуу Кытайга каттаган айдоочулар да билдиришкен. Алар Транспорт жана жол министрлигинен Кытай тарап менен расмий сүйлөшүп, маселени тез арада чечип берүүсүн талап кылышкан.
Кыргызстанга импорттун көбү Кытайдан келет. Алардын кыйласын кыргызстандык оор жүк жүктөлчү унаалар ташыйт. Бишкек-Торугарт жана Ош-Эркештам автожолдору аркылуу Кытайдан Кыргызстанга товар алып келген эки миңден ашуун унаа бар. Кыргызстандын казынасын толтурган бажы салыгынын ири бөлүгү дал ушул Кытайдан КамАЗ менен ташылган товарлар эсебинен камсыздалат. (MiK/ZKo)