Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Азербайжанда интернетке көзөмөлдү күчөтүү мыйзамы жактырылды


Азербайжанда нааразылыкка чыккандарды полиция такай күч менен таратат. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Интернет колдонуу эрежелерин катаалданткан жоболор Азербайжандын “Маалымат жөнүндө” мыйзамына киргизилди. Ага ылайык, эми интернетте кыянатчылыкты, диний экстремизмди, терроризмди, этникалык, расалык жана диний жек көрүүчүлүктү колдогон, ага катар бийликти күч менен алууга чакырган материалдарды жайгаштырууга тыюу салынат.

Жаңы түзөтүүлөр ошондой эле жеке турмуштун купуялуулугуна шек келтирген же аны бузган маалыматтарды жайылтууга да тыюу салат.

Жакында өз жубайын биринчи вице-президенттикке дайындаган президент Илхам Алиевдин сынчылары бул эрежелерди бийлик эми башкача ойлонгондорду буга чейинкиден катуу кысуу аспабы катары колдонот деп кооптонушууда.

Президенттикти 2003-жылы атасынан мурастап калган Илхам Алиев саясий оппоненттерине, көз карандысыз журналисттерге, жарандык коомго жасаган мамилеси үчүн Батыш менен адам укугун коргоочу уюмдардын сынына дайыма кабылып келет.

Азербайжан “Фридом Хаус” уюмунун жалпы эркиндиктер жана басма сөз эркиндиги боюнча индекстеринде такай “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине киргизилет. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG