Бул тууралуу Regnum маалымат агенттигинин Бишкектеги редактору Григорий Михайловдун жубайы Евгения Ким “Азаттык” радиосуна билдирди.
Кимдин айтымында, милиция кызматкерлери Михайлов менен бирге аны да кыргыз-казак чек арасына чейин коштоп барган. Ал жерден Regnumдун редакторунун Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин айтышып, өлкө аймагына кирүүгө болбой турганын эскертишкен.
“Мен Кыргызстандын жараны болгондуктан эч тоскоолдуксуз киргизишти. Григорий Орусиянын жараны болгондуктан паспортундагы каттоо мөөнөтү өткөнүн чек ара кызматкерлери айтышты” деп билдирди Ким.
Евгения Ким кошумчалагандай, Михайловду өлкөдөн чыгарган кезде ага кандайдыр бир расмий кагаз берилген эмес.
“Бүгүн эс алуу күнү болгондуктан расмий органдардан тактоо мүмкүн болбой жатат. Григорий учурда Алматыда” деп кошумчалады Евгения Ким.
10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан.
Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, журналистти Казакстандын чек арасына Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жеткирген.
Окуя боюнча Кыргызстандын расмий органдары эч кандай түшүндүрмө бере элек.(BkA)