Европа Биримдиги Түркиянын аталган уюмга интеграциясына багытталган бир катар долбоорлорду токтотуу чечимин кабыл алды.
Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Түркиядагы былтыр июлдагы төңкөрүш аракетине чейинки эле өзгөрүүлөр Еврошаркет эле эмес, эл аралык укуктун стандартарына дал келбей калганын билдирди.
Хан Евробиримдик Түркияда укуктук мамлекет куруу жаатында кызматташууну улантарын, бирок Еврошаркетке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр толук токтогонун кошумчалады.
Түркияга 2020-жылга чейин Евробиримдик 4,45 миллиард евро бөлөрү пландалган. Бул сумманын ичинен Брюссел ушул убакытка чейин Анкарага 167 миллион евро бөлгөн.
Евробиримдик кайсы долбоорлорду жана канча убакытка токтоткону азырынча белгисиз.