Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Кытай өзөктүк куралды жоюуда АКШ менен кызматташтыкка даяр


Дональд Трамп менен Си Цзиньпинь АКШдагы жолугушуу учурунда
Дональд Трамп менен Си Цзиньпинь АКШдагы жолугушуу учурунда

Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын кыскартууда АКШ менен кызматташууга даяр, бирок өрчүп бараткан чатакты тынч чечүүнү каалайт. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 12-апрелде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен телефондо сүйлөшүп жатып билдирген.
Бул пикир Трамп Кытай бул маселеде көбүрөөк иштеши керектигин, болбосо Вашингтон жеке аракет кыларын Твиттерге жазгандан кийин айтылды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Си Цзинпин "Кытай жарым аралды өзөктүк куралдан арылтууну талап кылат жана көйгөйдү тынч чечүүнү колдойт" дегени камтылган.

Түндүк Корея апрелдин башында баллистикалык ракетасын сынаган, андан мурда март айынын башында төрт баллистикалык ракетасын учурган. Алардын айрымдары Жапониянын деңиз аймагына түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG