Орусия Идлиб провинциясында химиялык курал колдонгон деп Сирия президенти Башар Асадды айыптаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койду. Документке Коопсуздук кеңештин он мүчөсү “макул”, экөө – Орусия менен Боливия "каршы" добуш берсе, үч өлкө, алардын ичинде Кытай добуш берүүдөн карманды.
Коопсуздук кеңешке туруктуу мүчө болгон Орусиянын бул кадамынан кийин Батыш өлкөлөрүнүн Сирия боюнча сунушу өткөн жок.
Резолюцияда Дамасктан окуя болгон күнү абадан жасалган бардык операциялар тууралуу маалымат талап кылынган.
Сирияда кырдаал үчүн Башар Асаддын режимин айыптаган резолюцияларга Орусия ушуну менен жетинчи жолу каршылык билдирди.
Расмий Москва Сириядагы химиялык куралдын колдонулушуна оппозиция жооптуу деп эсептейт. Бирок АКШ бардык фактылар Асаддын режими күнөөлүү экенин көрсөтүп жатканын ырастоодо.