Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Трамп: АКШ-Орусия алакасы начарлады


Дональд Трамп Кошмо Штаттар менен Орусиянын мамилеси мурдагыга караганда кыйла солгундаганын билдирди.

Мындай комментарийди АКШ президенти 12-апрелде, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен пресс-конференцияда жасады. Ошол эле күнү мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан.

Трамп Тиллерсондун Москва сапарына канааттанарын кошумчалады.

- Бардыгы биз күткөндөн жакшы өттү. Бир аз мурда биз талкуулагандай, НАТО жана АКШ Орусия менен ынтымакташып кетсе жакшы болмок. Азыр биз Орусия менен такыр тил табыша албай жатабыз. Сыягы биз Орусия менен узактан бери начарлап келаткан мамиленин эң төмөнкү деңгээлинде тургандайбыз. Бирок эмне болуп кетерин көрө жатарбыз. Путин Орусиянын лидери. Орусия күчтүү өлкө. Биз өтө күчтүү өлкөбүз.

Йенс Столтенберг блоктун чыгыш чек арасында аскерий контингент көбөйүп жатканына карабай альянс жаңы "кансыз согуштун" тутанышын же жарыша куралданууну каалабасын айтты. "Андыктан НАТО Орусия менен прагматикалык алакаларды орнотууга аракеттенүүдө", - дейт Столтенберг.

Трамп шайлоо кампаниясы маалындагы сөздөрүнөн кайтып НАТО “эскирген уюм болбой калды” деп билдирди жана анын терроризмге каршы аракеттерин кубаттап, блоктун мүчөлөрүнө Сириядагы базага соккуларды колдогону үчүн ыраазычылык айтты:

- НАТО мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүбүзгө Башар Асаддын эң коркунучтуу курал колдонуп, жасаган чабуулун айыптаганы үчүн ыраазыбыз. Бейкүнөө адамдарды, анын ичинде кичинекей, өзүн коргой албаган балдарды мыкаачылык менен кырууну адам өмүрүн баалаган ар бир мамлекет четке кагууга тийиш. Бул жарандык согушка чекит коюуга, террорчуларды талкалап, качкындардын үйүнө кайтуусуна шарт түзүүгө убакыт келди.

АКШ президенти ошондой эле альянсты Ирак менен Ооганстанга көбүрөөк жардам көрсөтүүгө үндөдү.

Жолугушууда талкууланган негизги маселелердин бири альянстын мүчөлүк акысын төлөө болду. Трамптын айтымында, кээ бир өлкөлөрдүн үлүшү пропорционалдуу эмес. АКШ болсо коргонуу жаатындагы чыгымдардын көбүн өзүнө алууда.

Сирия
Сирия

Трамп ошондой эле Сириядагы окуяларга кайрылды. Апрелдин башында Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун шаарчасына Асаддын аскерлери койгон чабуулдан 90дой киши набыт кеткен эле. Батыш өкмөттүк армия химиялык курал колдонгон деп айыптаса, Дамаск жана өнөктөшү Москва согушкерлердин химиялык заттар сакталган кампасы бомбаланганын айтып келет. Көп өтпөй АКШ Хан Шейхунду бомбалаган учактар көтөрүлгөн аскер базасына 60 чакты ракета аткан. Путин муну "эл аралык нормаларды бузуу, суверендүү мамлекетке каршы агрессия" деп атады.

Шаршемби күнү Коопсуздук кеңешинде Орусия Асаддын өкмөтүнүн химиялык курал колдонушун айыптаган резолюцияга вето койду. Орусия кеңештин туруктуу мүчөсү болгондуктан, документ өтпөй калды.

Резолюцияда Сирия өкмөтүнөн окуя болгон күнү абадагы операциялар тууралуу бардык маалыматты талап кылуу каралган.

Ага чейин Сергей Лавров Тиллерсон менен өткөргөн маалымат жыйынында тараптар Хан Шейхундагы чабуул боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү үчүн биргелешип иштөө жөнүндө макулдашканын айткан.

Бирок АКШ андай макулдашуу болбогонун ырастоодо.

Мамлекеттик катчы Тиллерсон орус тышкы иштер министри менен кездешкенден кийин Вашингтон менен Москванын мамилелери “эң төмөнкү деңгээлге” жеткенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG