Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Атамбаев Молдова президентин кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев 13-апрелде Бишкекте Молдова президенти Игорь Додон менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты. Эки өлкөнүн карым-катышын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Додон Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырганы үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирди.

Молдова президенти Бишкекке ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 14-апрелдеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн келди. Бул - анын президент катары Кыргызстанга болгон биринчи сапары.

14-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны жана ЖККУга мүчө мамлекет башчылардын бейформал жолугушуусу болот. ЕАЭБ отурумуна Молдовадан тышкары Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия президенттери катышары күтүлүүдө. Анда тараптар уюмдун алкагындагы кызматташтыкты, мындан аркы интеграция маселелерин ортого салат. Ошондой эле Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу макамын берүү маселеси каралат.

ЖККУнун бейформал жолугушуусунда аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы өз ара кызматташтык талкууланып, ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын лидерлери катышары айтылды.

Кыргызстан быйыл аталган эки уюмга төрагалык кылууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG