Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Рейтер: Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишүү үчүн эки документ даярдаган


Элеси матрешкага чегерилген Путин, Клинтон жана Трамп
Элеси матрешкага чегерилген Путин, Клинтон жана Трамп

Орусиянын атайын кызматынын мурдагы кызматкерлери жетектеген изилдөө борбору өткөн жылкы АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүү планын иштеп чыккан. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги билдирүүдө.

Агенттик бул маалыматтарды АКШдагы атын жашыруун калтырууну каалаган азыркы үч, мурдагы төрт кызмат адамдарынын айткандарына таянып, 19-апрелде жарыялады.

Анда орус Стратегиялык изилдөө институту даярдаган, кийин АКШ чалгын кызматкерлеринин колуна тийген эки жашыруун документ тууралуу сөз болот.

Анын бири 2016-жылдын июнунда жазылып, орус өкмөтүнүн эң жогорку катмарына гана берилген стратегиялык документ. Анда Кремлге медиа каражаттарында кеңири жана онлайн үгүт жүргүзүү, анын арты менен америкалык шайлоочуларды Обамага караганда Орусияга жумшагыраак мамиле кылган талапкерди тандоого багыттоо сунушталат.

Экинчиси октябрда даярдалып, демократ талапкер Хиллари Клинтон жеңет өңдөнөт деп эскертет. Ушундан улам республикачы Дональд Трамптын пайдасына пропаганданы токтотуу керек делет. Мунун ордуна шайлоо жыйынтыгына күмөн жаратып, Клинтондун президент болуу мүмкүнчүлүгүн азайтууга көңүл буруу сунушталат деп жазат Рейтер.

Быйыл январда америкалык атайын кызмат Трамптын пайдасы үчүн хакердик чабуул аркылуу шайлоо кампаниясына таасир этүүнүн башында орус президенти Владимир Путин турганын билдирген.

Рейтердин жазгандарына Кремлдин маалымат катчысы да, орусиялык институт да жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG