Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Петербург жардыруусу: онунчу шектүү


Аброр Азимов Москвадагы сот залында, 18-апрель 2017-жыл.
Аброр Азимов Москвадагы сот залында, 18-апрель 2017-жыл.

Санкт-Петербургдагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын саны онго жетти. Онунчу шектүүнүн кандай шартта кармалганы кайчы пикирлерди жаратууда.

Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербург метросундагы жардыруу боюнча онунчу адам Москвада 19-апрелде кармалганын, анын жанында РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылганын, ал соттун чечими менен камакка алынганын бейшембиде кабарлады. Аталган комитеттин жана Федералдык коопсуздук кызматынын атайын билдирүүлөрүндө кармалган адам 1988-жылы туулган орус жараны Акрам Азимов деп мүнөздөлгөн жана ал мындан бир канча күн мурда камакка алынган 1990-жылы туулган Орусиянын жараны Аброр Азимовдун бир тууган агасы экенин белгиленген.

Аброр Азимов жанында курал-жарагы менен Москва облусунун Одинцово районунда кармалганын Тергөө комитети 17-апрелде маалымдап, ал жардырууга кол кабыш кылды деп шектелип жатканын билдирген. Акрам Азимов болсо бир тууганы катышты делген кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелүүдө.

Орусиянын "Интерфакс" агенттиги Азимовдор Кыргызстанда туулганын, 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алганын жазды.

Акрам Азимовдун Новая Москва аймагында кармалганын көрсөткөн тасма, 19-апрель
Акрам Азимовдун Новая Москва аймагында кармалганын көрсөткөн тасма, 19-апрель

Бул эки адамдын Кыргызстандын Жалал-Абад аймагындагы иниси Билолжан улуу агасы Акрам Азимов 14-апрелде Ош шаарындагы ооруканада операция болгонун, ал бүдөмүк жагдайда Москвада болуп калганын "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди:

- 15-апрелде аны оор абалда клиникадан алып чыгып кетишкен. Жанында акчасы да, документтери да болгон эмес. Бул жагдайга тынчсызданган апам адвокат менен Ошко издеп барган. Жакынкы убакытка чейин ал каякта экенин билген эмеспиз. Ал Орусиянын жараны, ошондуктан бул өлкөгө алып кетти деп жоромолдоп жатканбыз. Анан жаңылыктардан билдик.

Азимовдордун Жалал-Абадда жашаган апасынын ушундай мазмундагы видео кайрылуусу жергиликтүү журналисттердин колуна тийди. Вазира Азимова уулунун паспортторун тартип коргоо органдары алып кеткенин, уулдарына коюлуп жаткан айыптарга ишенбесин айтып, бул окуя жасалмадай көрүнүп жатканын билдирүүдө.

Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы Азимовдор Москванын айланасында кармалганы тууралуу билдирүүлөрү расмий маалымат экенин "Азаттыкка" билдирди. Ал эми Азимовдордун үй-бүлөсүнүн айткандары боюнча кат түрүндө жөнөтүлгөн суроого комитеттен азырынча жооп келе элек.

Акрам Азимов Кыргызстандан Орусияга депортацияланганын "Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянып 19-апрелде жазган. Бул кабар боюнча кыргыз расмий органдары маалымат бере элек.

Орусиянын ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги болсо Акрам Азимов Москванын чекесинде кармалганын көрсөткөн видеону жарыялады.

Москвадагы Басманный соту Акрам жана Аброр Азимовдорду 3-июнга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды. Баш коргоо чарасын кароо учурунда экөө тең айыптарды моюнуна алган жок.

3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча кармалгандардын көбү борборазиялык экени буга чейин кабарланган. Орусиянын расмий органдары метродо өзүн жардырды делген адамды Кыргызстанда туулуп, кийин орус жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп мүнөздөгөн. Жалиловдун апасы уулунун бул ишке барганына ишенбей турганын айткан. Орус бийлиги теракт деп мүнөздөгөн бул жардырууга эч бир экстремисттик топ жоопкерчилик алган эмес.

Санкт-Петербургдагы 3-апрелде болгон жардыруу
Санкт-Петербургдагы 3-апрелде болгон жардыруу

20-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников терактты уюштурууга буйрук берген адам аныкталганын кабарлап, бирок анын тек-жайын ачык айткан жок.

Аталган кызмат 19-апрелде Москванын чыгышындагы Владимир районунда атышуу болгонун, андан Борбор Азия чөлкөмүнөн чыккан согушкер деп шектелген эки адам өлтүрүлгөнүн билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG