АКШ прокурорлору камактагы түрк-иран алтын соодагери Реза Заррабдын мыйзамсыз каржылык схемасын далилдерин билдиришүүдө. Бул тууралуу 24-апрелде Манхэттендеги сотко чейинки угууда АКШ прокурорунун жардамчысы Деннис Локард айтты.
Айтымы, Зарраб жана анын өнөктөштөрү Иран өкмөтү менен ишкерлеринин жүз миллиондогон долларларын Батыштын санкцияларын кыйгап өтүп, жүгүртүүгө жол ачуу кызматын агездеги (2005-2013) Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын жеке өзүнө жазган катта сунушташкан.
Андан соң Зарраб Иран менен Түркиядагы жогорку мамлекеттик жана банк жетекчилери менен схемасын ишке ашыруу үчүн иштеген деп жазылган. Анын ичинде "Ислам революциялык гвардиясынын корпусуна... Ирандын өзөктүк программасын каржылоодогу ролу үчүн санкцияланган иран банктарына жана ирандык авиакомпанияларга" жардам көрсөтүшкөн", деди Локард.
33 жаштагы Реза Зарраб 2016-жылы кармалган. Айыптоолордон баарын четке кагып келет.
АКШ прокурорлору соодагерге "улуттук коопсуздукту олуттуу бузганы" үчүн айып коюлганын белгилешет. АКШ жана Евробиримдик өзөктүк программасы үчүн Иранга санкцияларды салып келишкен. 2015-жылы тараптар мунасага келгенден кийин санкциялардын басымдуусу алынган.