Арстанбапта дагы жер көчкү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын Жай-Терек айылына баруучу ички чарбалык унаа жолго 200 куб метр жер көчкү түшүп, жол каттамы жабылып калган. Жабыркагандар жок. Кечке маал унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.
24-апрелде Арстанбап аймагында көлөмү 300 куб метр жер көчүп, булактан суу түтүгүн тартып жаткан төрт адамды басып калган. Алардын үчөө көз жумду. (RK)
Facebook шеринеси