Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:39

Былтыр жолдорду оңдоого 5 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн


Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.
Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.

Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламентте отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы Кыргызстанга келген каражаттын эң көп бөлүгү жолдорду оңдоого жумшалат. Өткөн жылы 4,9 млрд. сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы тамтыгы кеткен жолдорду кыска убакытта оңдоо мүмкүн эмес экенин, ага убакыт керектигин белгиледи. Мындан сырткары Бишкек - Кара-Балта жолу толук оңдолорун кошумчалады.

Депутат Рыскелди Момбеков “Манас” аба бекетине кеткен жолдун начар салынганын жана баасы жогорулатылып көрсөтүлгөнүн мисал келтирди. Айрым эл өкүлдөрү Бишкек - Кара-Балта жолун куруу толук башталбай жатканына нааразылыгын айтышты.

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Балыкчы-Корумду жолу башталбай жатып чуу чыгып, буга чейинки өкмөт кызматтан кеткен. Мөөнөтү бүтө электе Бишкек-Ош жолу пайдалуудан чыга баштаганын, бөлүнгөн каражаттар максаттуу иштетилбей жатканын буга чейин депутаттар сындап чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG