Учурда өкмөт туризм тармагын өнүктүрүү максатында өзүнчө орган түзүү маселесин кароодо. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, президенттин аппараты ушул маселени карап чыгууну өкмөткө тапшырган.
- Мамлекеттик компания түзүлүп калса, анын карамагына Арстанбап, Таш-Рабат сындуу туристтик 60 объект кирет. Ал эми компаниянын өзү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот. Мындай компаниянын түзүлүшү туризм тармагындагы көптөгөн көйгөйлүү маселелердин чечилишине өбөлгө түзөт.
Мурдагы жылдары бул тармакты өзүнчө Туризм агенттиги караган. Кийин ар кайсы өкмөттүн тушунда бир нече жолу өзгөрүп, акыркы ирет Маданият министрлигинин алдында Туризм департаменти түзүлгөн. (КЕ)