Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Майлуу-Суу: 47 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүүдө


Майлуу-Суудагы быйыл мартта жер көчкөн аймак.
Майлуу-Суудагы быйыл мартта жер көчкөн аймак.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Шор-Булак жана Баба-Ата участкаларында 2-майда жер көчкүнүн активдешүүсү байкалып, жаракалар пайда болду.

Адистер беш чакырым жолго жана 47 үйгө көчкү түшүү коркунучу бар деген тыянакка келишкен. Жашоочулар туугандарынын үйлөрүнө жана чатырларга көчүрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, эки участкада 2 миллион куб метр жер көчүшү мүмкүн. Опурталдуу аймактан 40 метр алыстыкта жайгашкан турак жайларга да коркунуч жаралып, эл коопсуз жерге көчүп чыгууда. Шаарда беш орундуу 49 чатыр тигилген.

28-апрелде Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш участкасында жер көчкү түшүп, дарыяны бөгөп калган. Турак жайларды суу каптаган, жер көчкү коркунучуна байланыштуу 37 үй-бүлө ошол күнү орто окуу жайлардын жатаканаларына көчүрүлгөн. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG