Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Тиллерсон: АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды даярдоодо


Рекс Тиллерсон. Вашингтон, 3-май, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон. Вашингтон, 3-май, 2017-жыл.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон бул тууралуу 3-майда Вашингтондон сүйлөгөн учурунда билдирди:

-Биз кошумча санкцияларды даярдап жатабыз, бул эгер Түндүк Кореянын аракеттери кошумча санкцияларды талап кылган учур үчүн. Биз Түндүк Кореянын режими бул жөнүндө ойлонуп, келечектин башка да жолу бар деген бүтүмгө келет деп үмүттөнөбүз. Биз алар өзөктүк куралга умтулуп жатканын билебиз. Себеби режимдин ишениминде, бул - алардын келечегин коргоонун жалгыз ыкмасы. Андыктан, биз аларга силердин келечек коопсуздугуңар жана экономикалык гүлдөп өнүгүүңөр өзөктүк куралдан арылуу боюнча милдеттемеңерден улам гана жетишилет деген көз-карашыбызды так жана чечкиндүү жеткиргенге аракеттенүүдөбүз.

Рекс Тиллерсон Вашингтон Түндүк Кореяга басым жасоо үчүн Кытай менен да иштешип жатканын, эгер бул натыйжа бербесе АКШ «үчүнчү өлкөлөр» боюнча санкцияларга да барып, чет элдик компанияларга, анын ичинде Пхеньян менен бизнес жүргүзгөн кытайлык компанияларга да санкция киргизерин кошумчалады.

Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту БУУнун Түндүк Кореяга каршы учурдагы санкцияларын аткарууга чакырып, алардын бири да али толук кандуу иштей электигин белгиледи.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык сыноолорунан улам азыр Вашингтон менен Пхеньяндын мамилеси жана Корей жарым аралындагы абал чыңалып турат.

Пхеньянга жакында БУУнун Коопсуздук кеңеши да эскертүү жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG