Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Майлуу-Сууда 1 млн метр куб жер көчкү коркунучу пайда болду


Майлуу-Суудагы жер көчкү активдешкен аймак.
Майлуу-Суудагы жер көчкү активдешкен аймак.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылдын 2-май күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймагында, Майлуу-Суу дарыясынын сол жээгинде узуну 200 метр, туурасы 50 метр жер жарылып, болжолдуу 1 000 000 м3 жер көчкү коркунучу пайда болуп, активдешкен.

Мындан телемунарага баруучу унаа жолун жаап калуу жана беш турак жайга, электр мамычаларга коркунуч жаралган. Андан сырткары жер көчкү Бабы-Ата тилкесинде активдешип, жакынкы 42 үйгө 30-40 метр жакын калган. 44 үй-бүлө көчүрүлүп, чатырларга жайгаштырылды. Калган беш чатыр зарылчылык үчүн Сары-Бээ айыл аймагынын башчысына өткөзүлүп берилди. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG