Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Кыргызстандын муфтийи АКШга барат


Максат Токтомушев
Максат Токтомушев

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 6-майда Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктар менен жолугушат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда жолугушуу Чикаго шаарында өтөөрү белгиленген.

Буга чейин кыргызстандык дин аалымдары Орусиянын бир катар шаарларында жолугушууларды өткөрүп келген.

Түрдүү эсептер боюнча Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктардын саны 20 миңге чейин жетет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG