Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

ИМ тобунун Ооганстандагы лидери өлтүрүлгөнү тастыкталды


Ооганстан.
Ооганстан.

Ал апрель айында Нангархар провинциясында америкалык жана ооган аскерлери тарабынан жүргүзүлгөн аскерий операция учурунда өлтүрүлгөн. Бул маалыматты эки өлкөнүн бийликтери тең ырасташты. Абдул Хасиб "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы канатын былтыр өзүнө чейинки лидер Хафиз Саид өлтүрүлгөндөн тарта жетектеп келген.

Хасиб 50 америкалык жана 40 ооган аскери катышкан аскерий операцияда өлтүрүлгөнү тууралуу эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Аталган операцияда "Ислам мамлекети" террордук тобунун бир нече лидери жана 35 согушкер жок кылынганы да кабарланган.

Абдул Хасибдин өлтүрүлгөнүн Ооганстандын президенти Ашраф Гани да тастыктады.

13-апрелде Нангархар провинциясында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бомбалоосунун натыйжасында "Ислам мамлекети" террордук тобунун 64 согушкери жок кылынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG