Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Орусия Сирияда офицери өлтүрүлгөнүн танууда


Сириядагы жарандык согуш алтынчы жылга созулду.
Сириядагы жарандык согуш алтынчы жылга созулду.

Орусия коргоо министрлиги Сирияда офицери өлгөндүгү тууралуу маалыматты четке кагууда. Мурдараак SITE Intelligence Group "Ислам мамлекети" террор тобунуку деп видео чыгарган. Анда жоочулар өлтүргөн адам Евгений Петренко аттуу орус полковниги делет.

ТАСС агенттиги тараткан Коргоо министрлигинин пресс релизинде Сириядагы орус аскерлери "тирүү, сак-саламат жана аскердик милдетин өтөп жатышканы" белгиленет.

Жихадчылардын онлайн материалдарын иликтеген SITE Intelligence Group видео Ракка провинциясынын террорчулар көзөмөлдөгөн аймагында тартылышы мүмкүн деп болжолдойт. Анда кара комбинезончон киши орус атайын кызматынын иши тууралуу айтып берет. Видеонун аныктыгы жана өлтүрүлгөн адамдын тек-жайы такталган эмес.

Орус тилиндеги тасмада "Ислам мамлекетинин" өкүлү Орусияга жана орус президентине жаңы теракттар болорун эскертет.

2014-жылы да аталган топ орусиялык инженер Сергей Горбуновду, 2015-жылы дагы бир орусиялык Магомед Хасиевди өлтүргөн видео тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG