Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Италиянын жээгинен 480 качкын куткарылды


Эл аралык миграция кызматы кабарлагандай, кеминде 1309 адам деңизде чөгүп өлгөн
Эл аралык миграция кызматы кабарлагандай, кеминде 1309 адам деңизде чөгүп өлгөн

13-майда Жер Ортолук деңизинде Түндүк Африка мамлекеттеринен Европага кайыктар менен келатып, чөгүп кеткен 480 качкын куткарылып, жети адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Италиянын Жээк күзөт кызматы 14-майда маалымдады.

Жыл башынан бери Италиянын жээктеринен 45 миң качкын куткарылган. Бул сан өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 44 пайызга көп.

Эл аралык миграция кызматы кабарлагандай, быйыл кеминде 1309 адам деңизде чөгүп өлгөн.

Деңиз аркылуу Европага багыт алган бозгундардын көбүн нигериялыктар түзөт. Андан кийинки орунда Гвинея менен Кот-д-Ивуардан чыккандар турат.

XS
SM
MD
LG