Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Атамбаев Орозодо ар бир адамды оюн тазартууга чакырды


Ар бир адамдын ою тазарса, бүт коом, бүт өлкө тазарат, өсүп-өнөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Орозо айынын башталышы менен кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда айтылат.

"Адамдын түйшүгү, санаасы эч качан бүтпөйт. Мүлдө дүйнөдө өлчөөсү жок байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Ушул айда күнүмдүк көртирликтен бойду жыйып, өмүрдүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойлу. Бул жарыкчылыкка келгендеги максатым эмне, жакындарыма, эл-журтума жардамым тийип жатабы деп өзүбүзгө суроо берели. “Жакшы ой адамды жашартат, жаман ой адамды картайтат” дейт элдик нуска, демек, көөдөндү жаман ойлордон тазалайлы" деп белгиледи мамлекет башчы.

Атамбаев бардык кыргызстандыктарга бак-таалай, ийгилик, биримдик, өлкөгө берекет каалады. (RK)

XS
SM
MD
LG