Казакстандын Тараз шаарында катуу шамалдан эки адамнабыт болду. "Азаттык" радиосунун казак кызматы расмий маалыматтарга таянып, кабарлагандай, 29-майдын кечинде имараттын чатырын жаап жүргөн эки кишини бороон шифер менен кошо учуруп, ошол замат жан беришкен.
Дагы үч киши жараат алганы кабарланды.
Ылдамдыгы секундуна 27-метрге жеткен шамалдан улам шаардагы эки жүздөй үй жарыксыз калды.
Ошол күнү Москвада катуу бороондон улам 11 киши жашоо менен кош айтышып, элүүдөн ашууну жараат алды. Бишкекте да күчү секундуна 28 метрге чейин шамал согуп, чатырларды учуруп, дарактарды кулатты. Киши өмүрүнө зыян келген жок. (SE)