Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

АКШ азери журналистинин уурдалышына тынчсыздануусун билдирди


Афган Мухтарлы.
Афган Мухтарлы.

АКШнын Мамлекеттик департаменти азербайжандык журналист Афган Мухтарлынын уурдалышына жана “Азербайжан элдик фронту” партиясынын төрага орун басары Гозал Байрамлынын камалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Мамдептарменттин өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө Азербайжан бийлигин саясий негизде камалгандарды бошотуу чакырыгы айтылат.

Буга чейин журналист Афган Мухтарлы Грузияда уурдалып, күч менен Азербайжанга жеткирилгени айтылган эле. Мухтарлы өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жубайы менен Грузияга 2015-жылы качып келген. Буга журналисттин азери президенти Илхам Алиевдин коррупциялык иштерин иликтегени себеп болгону айтылган.

Ал 29-майда дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин аны грузинче сүйлөгөн адамдар автоунаага салып, Азербайжанга алып кеткени белгилүү болгон.

Бул маалыматты анын адвокаты Элчин Садыков ырастап, белгисиз адамдар Мухтарлыны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн анын чөнтөгүнө 10 миң евро акча салып койгонун билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаменти грузин бийликтерине да кайрылып журналисттин уурдалышы боюнча бейтарап иликтөө жүргүзүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG