Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Бүгүн Садыр Жапаровдун соту болот


Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу аталган соттон "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Ишти судья Эмилбек Каипов карайт.

Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жапаровдун камалышына нааразы болгон тарапташтары 25-мартта УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.

XS
SM
MD
LG