3-июндагы Лондон көпүрөсүндө чабуул жасагандар теракт кылганга чейин бир нече саат мурда 7.5 тонналык автоунааны ижарага алууга аракеттенишкен. Полициянын маалыматында, чабуулчулар Ниццадагы 80 адам набыт болгон окуядагыдай теракт кылууга даярданышкан. Террорчу делгендердин биринин акча төлөмү ишке ашпагандыктан кичи автобусту ижарага алууга аргасыз болушкан.
Жөө кишилерди тебелеген кичи автобустун ичинен жардыргыч зат куюлган 13 бөтөлкө табылган. Майда таш салынган мүшөктөр да болгон. Полиция теракт уюштургандар ушундай жол менен машинени оорлотуп, курмандыктардын санын көбөйтүүгө аракет кылган деп эсептейт. Скотленд-Ярддын маалыматында, террорчу делгендердин үчөө чабуулга чейин Лондон көпүрөсүнөн эки жолу өтүп, бир нече саат чабуул үчүн орун издеген.
3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, кийин ичинен үч киши чыгып ресторанда отургандарды бычакташкан. Чабуулдан жети киши каза таап, 48 адам жараат алган. Алардын 36сы ооруканага түшкөн. Полиция кол салгандарды ошол жерде атып өлтүргөн.
Британ бийликтери 3-июнда Лондондо жасалган чабуулга шектүүлөрдүн аты-жөнүн жарыялаган. Алардын бири Мароккодон чыккан Юссеф Загба Италиянын жарандыгын алып жүргөн. 22 жаштагы Загба Лондондун чыгышында жашаган. 27 жаштагы Курам Батт менен 30 жаштагы Ричард Редуэйн Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда жашаган.