Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Дүйнөдө качкындардын саны 65 миллион адамдан ашты


Жер ортолук деңизиндеги качкындар
Жер ортолук деңизиндеги качкындар

Бул тууралуу БУУнун соңку маалыматында айтылат. Ага ылайык, 2016-жылы качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны 65 миллион 600 миң адамга жеткен. Мындай көрсөткүч 2015-жылга салыштырганда 300 миң кишиге көп. Уюмдун эксперттери орточо эсеп менен өткөн жылы ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгилешүүдө.
Маалыматка караганда, качкындардын көбү, беш жарым миллион адам Сирия жарандары.

Андан сырткары Түштүк Судандагы абалдын чыңалуусунан былтыр дээрлик 800 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Буга чейин БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди дүйнө коомчулугун качкындар үчүн каралган жерлерди 13 эсеге көбөйтүүгө үндөгөн. Миллиондон ашык киши башка жерге жайгаштырууга муктаж экенин жарыялаган.

20-июнда жыл сайын Качкындардын эл аралык күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG