Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Бала зордуктагандарга каршы мыйзамды кабыл алуу күзгө калды


Балдардын жыныстык кол тийбестигин коргоого багытталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы күзгө калды. Кечээ депутаттар аны көпчүлүк добуш менен экинчи окууда колдошту, эми үчүнчү окуудан өтүшү зарыл.

Балдардын укугун коргоочулар кечээ Бишкекте маалымат жыйын куруп, Жогорку Кеңешти бул мыйзамды эртерээк кабыл алып берүүгө үндөшкөн болчу.

Долбоор кабыл алынса Жаза жана Жаза-процессуалдык кодекстерге балдарга карата сексуалдык зомбулук жасаган кылмышкерлерди жазалоонун жаңы чаралары киргизилмек.

Маселен, алар кийин жазасын өтөп бүтсө да мугалим, окутуучу болуп иштей албайт. Зордукка кабылган балдардын жакындары менен айыпталуучу суйлөшүп алып ишти жаптырып кое албайт. Мунапыска да уруксат берилбейт. Бир жыныстагыларга карата зомбулуктун жазалоо чарасы күчөтүлөт. Мындай кылмыш жөнүндө иш жабыркагандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок болгон учурда да козголо берет.Ошондой эле балдарга карата зомбулук боюнча иштерди жаап коюуга жол берилбейт.

Сексуалдык зомбулукка кабылган 14 жашка чейинки балдардын саны соңку кезде көбөйүүдө. ИИМдин расмий маалыматына караганда былтыр биринчи жарым жылдыкта 30дан ашык, ал эми быйыл жыл башынан бери 50 факт катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG