Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Америкалык блюз музыканттары Ошто концерт берүүдө


Mem Shannon and the Membership Band тобу Ошто. 30-июнь, 2017-жыл.
Mem Shannon and the Membership Band тобу Ошто. 30-июнь, 2017-жыл.

Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин уюштуруусу менен Америка блюзу жанрындагы белгилүү Mem Shannon and the Membership Band тобу Ош шаарына келди.

Алар Оштогу Access Microscholarship деп аталган англис тилин үйрөтүүчү мектептин окуучуларына концерт коюшту. Концерт учурунда кыргызстандык окуучуларга музыкалык аспаптарды белекке беришип, блюз стилинде ырдоону үйрөтүштү.

Беш адамдан турган блюз музыкасынын чеберлери 1-июлда Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында элге акысыз өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чара АКШнын көз карандысыздыгынын 241 жылдыгына карата уюштурулуп жатканы айтылды. (YI)

XS
SM
MD
LG